Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

ЖЕР АЛГАН «КЕДЕЙЛЕР»


Кыргыздын атактуу акыны Жоомарт Бөкөнбаевдин адабият тарыхында калган «Жер алган кедейлерге» деген айтылуу ыры бар. Акын өмүр бою жергиликтүү бай-манаптардын эзүүсүнөн Совет бийлиги аркылуу кутулуп, акыры кембагал кыргыздардын жер алганына сүйүнүп: «Мына болуп төңкөрүш, кедейге келди жер бөлүш!» деп жазган эле…

«Белый пароход» гезити ушул жылдын 16-майында президент К.Бакиев багытын күтүүсүз өзгөртүп, Бишкектин Ататүрк паркына бурулуп, ал жердеги хансарайларды көрүп, бул жерге там салганга ким уруксат берди эле деп ачууланганын эске салып, так ошол жерден акыркы төрт жыл аралыгында жер кестирип алган «кедейлердин» тизмесин жарыялады. 800 чарчы метрден же 8 сотыхтан, Бишкектин Малдыбаев көчөсүнөн жер кестирип алгандар - мурдагы элчи Апас Жумагулов, КР президентинин мурдагы иш башкаруучусу Кубул Мамыркулов, мурдагы каржы министри Болот Абилдаев, мурдагы элчи Аманбек Карыпкулов, мурдагы министр Өмүрбек Кутуев, «Кыргызгаздын» мурдагы деректири Автандил Сыдыков, КР башпрокурордун орунбасары Рустамбек Исаевдин уулу, айыл,суу жана кайра иштетүү министри Сооронбай Жээнбеков, КР акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу, Мамкаттоонун мурдагы начендиги Кеңеш Карачалов, генерал Кеңешбек Дүйшебаев, мурдагы мамкатчы Осмонакун Ибраимов, наркотиктерди көзөмөлдөө боюнча агенттиктин мурдагы деректири Курманбек Кубатбеков, мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов, башпрокурордун мурдагы орунбасары Жумадыл Макешов, мурдагы министр Александр Костюк, ЖК депутаты Эркин Байсалов ( депутатка 1миң 440 чарчы метр жер бөлүнгөн). Гезит ошондой эле Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновго Бишкек мэриясы тарабынан жалпы аянты 1миң 210 чарчы метр жер бөлүнгөнүн жазуу менен ошондой эле майлуу жерден же Бишкектин түштүк-батыш жагындагы бак-дарактуу аймактан жер алгандардын тизмесин шардана кылат. Алар- генерал Садырбек Дубанаев, Конституциялык соттун орунбасар төрагасы Абдыбек Суталинов, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Мурат Суталинов, Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эсенгул Өмүралиев, мурдагы министр Нелли Бейшеналиева, Чүйдүн мурдагы губернатору Тургунбек Кулмурзаев, Ысык-Ата райакими Болот Кененбаев, ал эми шаар мериясы Ахунбаев менен Бакаев (мурдагы Чапаев көчөсү) көчөлөрүнүн кесилишинен Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Ишенбай Кадырбековго 3 миң 300 чарчы метр жер кесип берген. Ошондой эле шаардын түштүк-батыш аймагынан 8 сотыхтан жер бөлдүрүп алгандардын катарына Боршайкомдун мурдагы төрагасы Сулайман Иманбаев менен мурдагы министр Бекболот Талгарбеков кирет. «Белый пароход» гезити, жогорудагы жер алгандардын көбү жерлерин сатып жиберишкенин эскертип, «Урматтуу Курманбек Салиевич өткөн жылдын ноябрь айында Бишкектин Октябрь районунда 412-токтом чыкканын, токтом бул жерге там салууга ким уруксат берген деп сиз ачууңуз келген парктан жер алууга уруксат берген токтом экендигин сиз билесизби?-деген суроо менен президентке кайрылган.

«Дело №…» гезити өлкөгө чыккынчылык кылды деп кармалып жаткан ЖК басма сөз кызматынын кызматкери Жыпаргүл Арыкова тууралуу ар кандай көз караштагы маалыматтарга орун берди. Ал боюнча айрым жарандардын ой-пикирлерин жарыялады.

«Энесай» гезити Каржы министри Акылбек Жапаров Маскөөгө барып жосунсуз жорук жасап келгенин, бир туугандарын өзү иштеген министрликте иштетип жатканын шардана кылып, коррупциянын уюгу мына ушул Жапаровдор иштеген каржы министрлигинде деп жазып чыкты.


Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG