Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

МУСУЛМАН ӨЛКӨЛӨР ДЕМОКРАТИЯДАН КУРУ ЭМЕС


Дүйнөлүк диндер - христиан дининде болобу, исламда болобу, аларды реформалап-өнүктүрүүнү каалагандар өткөн замандарда “кудайсыз” деп аталып, башы кесилип, же дарга асыла турган. Азыркы заманда мусулман реформаторлорунун тагдыры кандай?

Саад Эддин Ибрагим – Мисирде исламды реформалоого үндөп келаткан эр жүрөк динаятчылардын бири, демократиячыл көз карашы үчүн ал 3 жыл түрмөгө да отуруп чыкты. 2000-жылы ага ырасмий бийликтерден уруксат сурабай туруп чет элдик фонддордон каражат алган деген кине тагылып, абакка отургузулуп, кийин Мисирдин Жогорку соту Ибрагимди актап, бекер жерден айыпталган деген бүтүмүн чыгарган. Ушу тапта ал Каирдеги Америкалык университетте профессор, биз менен болгон маегинде ал Батышта ислам тууралуу туура эмес түшүнүк көп кездешээрине токтолду.

- Силер үчүн жаңылыктыр, бирок ушу тапта дүйнөдөгү мусулмандардын үчтөн экиси демократиялык жол менен шайланган өкмөттөрү бар өлкөдө жашап атат. Ислам тууралуу талкууларга катышып жүргөн кишилердин көбү бул фактыны эске албайт. Мусулмандардын калган үчтөн бир бөлүгү автократиялык, же катаал теократиялык, диний бийлик астында күн көрүүдө. Албетте, автократтар менен теократтар – алсак, Азербайжан менен Ирандын экөөндө тең либерал, эркин көз караштагы адамдарды катуу куугунтуктайт. Бирок, теократтар коркунучтуураак, анткени алар мисалы Мисирде жума сайын жүз миңдеген мечиттерде чогулган мусулмандар алдында чыгып сүйлөп, өз ойлорун элге таңуулап келатышат.

Андан аркы сөзүндө Каирлик аалым Ибрагим тарыхта исламдык кыймылдар реформага үндөп, эл колдоосуна ээ болгонун Түркия менен Марокконун мисалында баяндайт. 2002-жылы Түркияда исламды туу туткан Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы шайлоодо жеңип өкмөттү башкарып калса, андан бир ай өтпөй Мароккодогу шайлоодо демократиячыл мусулмандар кыймылы жеңген. Саад Эддин Ибрагим дал ушул эки өлкөдөгү шайлоонун жыйынтыгы ага окшоп түрмөдө отурган реформачыл мусулман динаятчыларына дем бергенин белгилейт.

Профессор Ибрагимдин айтымында, мусулман мамлекеттериндеги реформачыл кыймылдар же жеке адамдардын демократиячыл көз карашы акыры консервативдүү диний лидерлерге да таасир этпей койгон жок. Алардын да көз карашы мындан 20-30 жыл мурдагыга караганда кыйла өзгөрдү, - деп белгилейт Каирлик илимпоз. Мусулман калкынын саны жагынан эң алдыда турган 3 өлкөдө - Индонезия, Бангладеш жана Пакистанда аялдар премьер-министр болуп дайындалды. Бир катар арап өлкөлөрүнүн исламчыл бийликтери өз жарандарынын укуктарын кеңейтүү ниетин жарыялап, айрым катаал динчилдер башкарган мамлекеттерде аялдар шайлоодо добуш берүү укугуна жетишишти. Айтор, дүйнө өзгөрүп жаткандай эле мусулмандар дүйнөсүндө да өзгөрүүлөр жок эмес. Бирок, АКШлык эксперт Рюел Герект айткандай: “Өнүгүүнү Курандан, же Шарыят мыйзамдарынан эмес, исламдын тарыхынан, айрыкча 2-дүйнөлүк согуштан кийинки өнүгүү жолунан издөө керек”.


Ислам менен Батыштын ортосундагы карама-каршылыкты талдагандар ХХ кылымдын башында көпчүлүк мусулман мамлекеттери Батыштын колониясы болгонун, андагы баскынчылык-кулчулук сезимдерден улам ислам дини кийин кыйла саясатташып кеткенин айтышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG