Иранда бензин сатып алууга чектөө киргизилгенине байланыштуу жаалданган тургундардын май куюуучу жайларга кол салуу фактылары катталган. "Фарда" радиосунун билдиргенине караганда, Тегеранда кеминде май куюучу жайлардын бирөөсү өрттөлгөн. Ошондой эле башкалаада банктарды, супермаркеттерди талап –тоноо фактылары боюнча да маалыматтар түштү. Иран өкмөтү күйүүчү майды сатууга чектөө киргизилгенин кечээ кечк жуук жарыялаган эле. Бүгүнтөн тартып жеке автоунаа ээлери, өкмөт субсидиялаган, баасы арзандатылган күйүүчү майдан айына жүз литр гана куя алат. Иран парламентинде реформачыл партиялардын өкүлү болгон айрым депутаттары бүгүн өкмөт киргизген эрежени токтотуу чакырыгы менен чыгышты. Иран дүйнөдө мунай экспортто боюнча төртүнчү орунда турганына карабай, аны кайра иштетүү мүмкүнчүлгү чектелүү болгондуктан жылына миллиарддаган долларга сырттан бензин сатып алууга мажбур.