“1938- жылдын көйгөйү кайталанбайт” деген макаланы Ян Бурума жазган. Ал “Амстердагы кыянаттык: Тео Ван Гогдун өлүмү жана толеранттуулуктун чеги” аттуу китептин автору. Ислам жамаатындагы осол иштерди ашкерелеген нидерланд кинорежиссеру Тео ван Гог 2004- жылы теги марокколук Мохаммед Буйеринин колунан өлгөн.
Ян Бурума учурда Нью- Йорктогу Бард коллежинин адам укугу боюнча профессору. Ал өз макаласында Батыш үчүн ислам фундаментализми менен терроризмдин коркунучу бар деген көзкарашка кошулат. Бирок, айрымдардын Батыш дүйнөсү террорчулардын ырк- талабына көнүп берүүдө деген пикирине макул эмес. Мындай көз караштагы адамдардын айтымында, Гитлер бийликке келгенде Франция жана Британия ага каршы турбастан, анын саясатына ынануу менен диктаторду жоошутабыз деп жаңылышкан.
Профессор Бурума ислам фундаментализми менен терроризмдин коркунучун гитлердик Германия учурундагы нацизм жана улуттук- социализм менен салыштыруу натуура деп санайт. Себеби, азыр нацистик Германиядай террорчул ири держава жок. Ал эми террорчулар болсо территориялык жактан суверендүү эмес. Ян Буруманын берегидей оюна италиялык теолог- публицист Жовани Бенси да макул. Анткен менен, Ян Бурума: Терроризмди ислам менен бирдикте кароо мүмкүнбү? деген суроону бүдөмүк калтырганын айткан Жовани Бенси дегеле исламды терроризм менен чаташтыруу туура эмес деп эсептейт:
- Терроризмди ислам менен окшоштуруу мүмкүнбү? Менин оюмча, антип болбойт жана мүмкүн эмес. Албетте, террорчуларга башпаанек берген өлкөлөр бар жана террорчулар андай өлкөлөрдү калка тутуп аракеттенишүүдө. Ошондо да бүгүн аңгезердей террорчул держава жок. Бирок да проф. Бурума терроризм коркунучун ашырып-көбүрүп жаткан адамдар бар экенин туура баамдайт. Терроризм менен күрөшүү керек. Бирок, андан коркуп-үркүүнүн кереги жок.
Профессор Бурума өз макаласында “Көптөгөн мусулмандардын Батыш коомуна камыр-жумур аралышып кетпөөсү, жумушсуздук жана ынкылапчыл үгүт- даваатты жеңил кабыл алуу ар кандай зобун- зордуктун оңой эле чыгып кетишине өбөлгө түзөөрүн” белгилейт. Бирок, анын оюнча “Европа исламдашып кетет” деген божомолдор алыскы болочоктун иши. Себеби, “Биз азыр 1938- жылды кайталоо үчүн жашап жаткан жокпуз”, деп ишенимдүү тыянак кылат профессор Бурума. 1938-жылы улутчул- социализм Германияда биротоло орноп, Гитлер дүйнөнү багындырууна астейдил кам көрө баштаган.