Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:32

ЧИМКЕНТ ДОКТУРЛАРЫНА КАРШЫ КАБЫЛ АЛЫНГАН СОТ ЧЕЧИМИ АДИЛЕТСИЗ ДЕП КАБЫЛ АЛЫНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 27-июнда Казакстандын Чимкент шаарынын соту бир жылдан ашык уланган окуяга чекит койду жана саламаттык сактоо системасында иштеген 21 адам ар башка мөөнөттөргө эркинен ажыратылды. Бирок алардын айрымдары шарттуу түрдө гана кесилгендиктен, карапайым калк ага нааразы.

Былтыр май айында Чимкенттин бир ооруканасында жаш балдарга кан куюлгандыктан, аларга СПИД вирусу жукканы аныкталган, оор илдетке чалдыккан айрым балдар бир жашка чыга элек болчу. Бардыгы болуп 118 балага СПИД жукту, андан бери 10 бала каза болду, алардын онунчусу 26-июнда өлдү.

Түштүк Казакстан дубанынын СПИДден коргонуу борборунун жетекчиси Акбопе Алтынбекова ал тууралуу минтип айтат: "Кечээ күнү чарчап калган баланы сактоо үчүн бардык чаралар көрүлдү, ал ыкчам дарылоо бөлүмүндө бөйрөгү иштебей калгандан каза болду. Бүгүнкүгө караганда 118 бала СПИД менен катталды, алардын ону эми өтүп кетти, дагы бир баланы чет өлкөлүк бир үй-бүлө багып алды. Текшерүүлөр дагэле уланууда, бардыгы болуп биз он миңдей баланы текшердик. Бирок башка мындай окуя болбойт дегенге кепилдик жок, дагы болушу мүмкүн", - дейт Алтынбекова.

Доктурлар бир адамдан алынган канды башкаларга куйганда, аспаптарды жакшы тазалаган эмес, андан тышкары, кээде оорулуу адамдардан кан алынган. Сот январда башталды, бардыгы болуп 21 кызматкер соттолду, алардын арасында - Түштүк Казакстан дубанынын саламаттык сактоо бөлүмүнүн деректири Нурсулу Тасмагамбетова да болду, ал - мурдагы премьер-министр, азыр Алматы шаарынын мэри болуп иштеген Имангали Тасмагамбетовдун бир тууганы.

Нурсулу Тасмагамбетова, анын күйөсү Рыскулбек Байкарашев, Тасмагабетованын орун басары Нагима Жолдасова жана балдар ооруканасынын деректири Гулнар Сатканова ар бири шарттуу түрдө гана үч жылга кесилди. Калган 17 кызматкер тогуз айдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Чимкент шаарындагы Энелер жана балдардын укуктарын коргоо борборунун жетекчиси Марпия Бутабаеванын айтымында, катардагы кызматкерлер жазаланып, чоңдор кутулуп кетти: "Чоңдор өтө жумшак жаза алды, ал эми алардын алдында иштегендер узак мөөнөттөргө кесилди. Челек жалагандар эң катуу жаза алды, ал эми айран ичкендер дээрлик жазаланган жок. Мындай чечимде эч жаңылык жок, мындай иштер мурда да болгон, дагы да болот. Бул адилетсиздик", - дейт Бутабаева.

Абдан көп адам чогулгандыктан, сот чечими жарыяланган жыйын 27-июнда жергиликтүү театрда өткөрүлдү. Шарттуу жаза алгандарга чогулган эл кол салбасын деп, милиция аларды соттон жабык машине менен алып кетти, эл болсо ал машиненин кетишин "Өлүм!" деген кыйкырыктар менен коштоду.

Жапа чеккендердин адвокаты Сагадат Масауровдун айтымында, алар сот чечимине каршы арыз берет. Алтынбекованын айтымында болсо, Чимкент ооруканаларында балдарга СПИД жуккан учурлар эмгиче ай сайын катталууда.

XS
SM
MD
LG