Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

11:09 Бишкек шаардык соту бүгүн Өмүрбек Субаналиевдин ишин карайт


Ишти кароого «Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн» бириккен фронттун лидерлери Өмүрбек Субаналиев менен Виталий Искаковго байланыштуу биринчи май райондук соту чыгарган чечимге байланыштуу шаардык прокуратуранын аппеляциялык арызы негиз берди. Райондук сот Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин карамагындагы Субаналиевге байланыштуу кылмыш иши аягына чыккыча жарандык ишти токтото туруу чечимин 29-майда чыгарган. Апрель митингдеринде келтирген чыгымдар үчүн Бириккен фронт лидерлеринен 4 миллион сомдон ашык каражат өндүрүп берүүнү сурап шаардык жана биринчи май райондук прокуратура үч доо арыз менен райондук сотко кайрылган болчу. Бул каражат митингди таркатууга кетирген ички иштер министрлигинин, тез жардам станциясынын жана №2 жалпы билим берүүчү мектептин чыгымы катары саналууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG