Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:11

12:20 Премьер-министр “Айыл Банкты” менчиктештирүү долбору боюнча токтомго кол койду


“Айыл Банк” ачык акционердик коомун менчиктештирүү боюнча токтом Кыргызстандагы мамлекеттик менчиктерди жеке колго тапшыруу программасынын алкагында кабыл алынды. 2006-жылдын февраль айында өкмөттүн буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ бул банкты менчиктештирүүнүн концепциясын иштеп чыккан. Натыйжада “Айыл Банк” ААКсынын 67 пайыз акциясын инвестициялык сынактын негизинде менчиктештирүү жолу тандалып алынган. Менчиктештирүүнүн мындай вариантын баардык кызыккан тараптар менен көз карандысыз эл аралык серепчилер талдап кеңешүүнүн негизинде иштеп чыгышкан. Мында мамлекеттин казнасына акцияларды сатуудан пайда түшөт, ошондой эле инвестор банктын Каржы министрлигине болгон бересесинен кутултат жана башка инвестициялык милдеттемелерди алат. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, менчиктештирүүдө аталган банктын негизги ишмердүүлүгүн сактап калуу менен аны баардык аймактарга жайылтып, кошумча каржы ресурстарын тартуу, кредиттөөнүн көлөмүн көбөйтүү сыяктуу негизги шарттар коюлган. (EBM)

XS
SM
MD
LG