Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:23

12:32 Аксылыктар баш прокуратуранын корутундусун жалпысынан жактырышты


Жогорку Сот коллегиянын түшкө чейинки отурумунда башкы прокуратуранын корутундусун карап, жарыш сөзгө чыккандарды укту. Аксылыктар корутундуну жалпысынан колдоп, бирок, «Тайфун» операциясына, курал колдонуу себептерине байланышкан бир топ жагдайлар кирбей калгандыгын белгилешти. Аксы окуясы боюнча жаза алып, кайра акталган мурдагы мамлекеттик кызматкерлер башкы прокуратуранын корутундусунда жаңы жагдай жок деп, Жогорку Соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырууну сунуш кылышты. Аксы окуясы боюнча нааразылык акциясына тоскоолдук кылган деген негиз менен мамлекеттик алты кызматкерди сот жоопко тартып, кийинчерээк аларды Жогорку Сот актаган болчу. Башкы прокуратура бул чечимди жокко чыгаруну сурап, аны негиздеген корутундусун Жогорку Сотко сунуш кылган. Жогорку Соттун коллегиясы ишин түштөн кийин улантат.Түшкө чейинки отурум чыңалган жагдайдагы талаш-тартыштар менен өттү(BuS)

XS
SM
MD
LG