Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

14:52 Шаардык сот Өмүрбек Субаналиевге байланышкан чечимди күчүндө калтырды


Бүгүн Бишкек шаардык соту «Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн» бириккен фронттун лидерлери Өмүрбек Субаналиевге жана Виталий Искаковго карата Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Бишкек шаардык прокуратура шаардык сотко райондук соттун чечимин жокко чыгаруу сунушу менен кайрылган. Райондук сот аталган жарандык ишти Өмүрбек Субаналиевдин Коопсуздук кызматы карап жаткан кылмыш иши каралып бүткүчө убактылуу токтотуу чечимин чыгарган. Шаардык прокуратура апрель митингдерин кууп, таркатуу учурунда, ички иштер министрлигине, тез жардам станциясына жана №2 жалпы билим берүүчү мектепке келтирген чыгымдары үчүн Субаналиев менен Искаковдон 4 миллион сомдон ашык каражат өндүрүп берүүнү сурап май айында райондук сотко арыз берген. Ал эми коопсуздук кызматы Субаналиевге массалык баш аламандыкты уюштурган деген айып коюп, тил каттын негизинде убактылуу камактан бошоткон.(BuS)

XS
SM
MD
LG