Жогорку Сот башкы прокуратуранын корутундусун карап, бүгүн ушундай чечимге келди. Аксы окуясы боюнча 2002-жылы козголгон кылмыш иштин негизинде нааразылык акцияларын өткөрүүгө тоскоолдук кылды деген негиз менен мамлекеттик алты кызматкер сот жообуна тартылышкан. Жогорку Сот кийинчерээк актаган болчу. Аксылык жабырлануучулар акыркы эки жылдан бери жаңы бийликтен Аксы окуясына укуктук баа берүүнү тынымсыз талап кылып келатышат. Аксы окуясында ок атылып, алты адам мерт болуп, көптөгөн аксылыктар жарат алганы айтылып келатат. Адвокат Сартбай Жайчибековдун билдиргенине караганда, эми Аксы окуясы башынан баштап кайрадан иликтөөгө алынат.(BuS)