«Америкалык аба-аскерий базасын Кыргызстандан чыгаруу» мындай талап менен 7-июлда база жайгашкан «Манас» аба майданынын аймагында пикет өткөргөнү жатат. Бул акцияда алар Америкалык базанын жана Кыргызстандын жетекчилигине он талап коюшат. Алардын катарында кыргызстандык жаранды атып өлтүргөн АКШ аскер кызматкерин Кыргызстандын карамагына өткөрүп берүү, базага байланыштуу эки тараптуу макулдашууну кайра кароо, базаны Кыргызстандын аймагынан чыгаруу мөөнөтүн аныктоо өңдүү талаптар бар. Кыймылдын жетекчиси Александр Типеровдун айтымында, мындай демилгени Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, саясий партиялар колдоп жатышат. (BuS)