Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

18:51 Жалалабат облусундагы суусуз калган айылда ичкелте дарты баш көтөрдү


ЖАЛАЛАБАТ. Ноокен районундагы Бүргөндү айлынын ичкелте дартына чалдыккан 12 тургуну Кочкората шаарындагы ооруканага жаткырылды. Оорунун кайталануусуна айылда таза суунун жоктугу жана кыштак эли суу алган Майлуусуу дарыясына Майлуусуу шаарынын булганч сууларынын агып түшүүсү себеп болууда. Буга чейинки беш айда Сузак, Ноокен району менен Майлуусуу шаарынан 8 киши ичкелте болгон. Мындай маалымат облустун санитардык эпидемия станциясынан алынды. Аталган оору соңку убактарда жыл сайын кайталанууда. Былтыр Ноокен району менен Майлуусуу шаарынан 119 киши ооруган, бирок, элди таза суу менен камсыз кылуу маселеси чечилбей келатат. Облустун 22 пайыз калкы жашаган айыл-кыштак суу менен камсыз болгон эмес. Бүргөндү жана башка айылдарда каражаттын жетишсиздиген АБРдин «Тазасуу» долбоору ишке ашпай жатат. Оору чыккан жана ага жанаша жайгашкан кыштактарда ичкелтенин алдын алуу үчүн 42 адамдан турган дарыгерлер тобу айылдарды кыдырып, Бүргөндү айылына суу ташылып берилүүдө. (YA)

XS
SM
MD
LG