Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

БУУнун инспекторлору Түндүк Кореядагы реакторду текшерип жатышат


Бириккен улуттар уюмунун инспекторлору бүгүн Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасынын борбору Йоңбйонг деген өзөктүк реакторун текшерип жатышат. Улуттар уюмунун инспекторлору бул жерде акыркы жолу 2002-жылдын декабрында болушкан. Кийин аларды Түндүк Корея ал жактан чыгарып салган эле. Алты тараптуу узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Пхеньян эми өзүнүн өзөктүк программасынан баш тартканы жатат. Анын ордуна Түндүк Кореяга энергетикалык жана башка жардам көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG