Кечээки жыйындын соңунда премьер-министр Алмазбек Атамбаев экономикага байланышкан айрым мыйзам долбоорлорун күзгө чейин калтыруу өкмөт ишине тоскоол болоорун айтып, депутаттарга жайкы эс алууга тараганча бул долбоорлорду карап берүүнү сунуштаган. ЖК депутаттары ушул жуманын соңунда эки айлык жайкы эс алууга тарамакчы.(SM)