Нааразылык чарасын жаштардын “Жебе” уюму уюштурууда. Акциянын “Камбарата—элдин ырыскысы!”, “Ырыскыбызга тийбегиле!” деген плакаттарды кармаган катышуучуларынын арасында “Кел-кел” жаштар уюмунан да өкүлдөр бар. Алар “Камбарата ГЭСтерин куруу” боюнча мыйзамды депутаттар мыйзамсыз кабыл алды деп эсептешет. Нааразылык чарасына чыккан жаштардын максаты –коомчулуктун көңүлүн буруп, Камбарата ГЭСтерин менчиктештирүүгө каршы туруу. Ошол жерде жүргөн кабарчыбыздын билдиргени боюнча акциянын катышуучулары айрым депутаттар менен жолугушууну көздөшүүдө.