Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:41

10:09 Бакыт Бешимов: Кыргызстан дөө-шаа өлкөлөрдүн оюнуна кошулбашы керек


Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин вице-президенти Бакыт Бешимовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, тышкы саясатты жүргүзүүдө АКШ менен Орусиянын жалпы кызыкчылыгы бир. Андыктан эгерде бул эки өлкө тил табышып, мамилелери жакшы нукта өнүксө, сөзсүз жалпы Борбордук Азияга тийгизген таасири жакшы болот. Анткен менен Бакыт Бешимов мындай мамиле тез арада эле болуп калат деп айтуудан алыс. “Орусия супер держава Америкага тең тайлаш болгусу келет. Бирок Орусиянын андай дарамети жок. Ошондук биз ошондой чоң эки өлкөнүн оюндарына кошулбай эле, өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбызды сакташыбыз керек. Биз эки өлкө менен тең туура, так саясатты жүргузүшүбүз керек. Кайсы бир өлкөгө душман болуу азыркы учурда Кыргызстан үчүн керек эмес. Эч качан эмоцияга алдырбастан, салмактуу, туура чечим кабыл алышыбызы керек”,-деп кошумчалады Бакыт Бешимов. (ZMa)

XS
SM
MD
LG