Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:14

12:18 Президент Бакиев Камбаралы Конгантиевди БШКнын төрагалыгына сунуш кылууда


Бул тууралуу “Акипресс” маалымат агенттигине Камбаралы Конгантиев өзү билдирген. “Кечээ президент менин талапкерлигимди Жогорку Кеңешке сунуш кылды. Ал эми конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитет аны сессиянын кароосуна жиберди”,-деди Конгантиев. Жогорку Кеңештин бүгүнкү күн тартибинде БШК курамын дайындоо тууралуу маселе коюлбагандыгын төрага Марат Султанов билдирди. Баш мыйзамга ылайык, президент БШК төрагасын Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт. Президенттин басма сөз катчысы Досаалы Эсеналиевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, азырынча бул тууралуу эч кандай буйрук чыга элек. Камбаралы Конгантиев үстүбүздөгү жылы март айында президенттин буйругу менен Баш прокурордук кызматтан бошотулган. Март айында президент тарабынан БШК төрайымы болуп Айчүрөк Эшимова дайындалган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG