Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

15:05 Азимбек Бекназаров: БШКнын төрагасын бүгүн шайлоо мыйзамды бузууга барат


БШКнын төрагасын Жогорку Кеңеште кароо маселеси депутаттардын талаш пикирин туудурууда. Депутаттар Темир Сариев БШК төрагасын шайлоого кворум жоктугун жана БШК азыркы төрайымы кызматынан бошотула электе шайлоо жүргүзүү мыйзамсыз экендигин билдирди. Ал эми депутат Азимбек Бекназаров эгер парламент бүгүн БШКнын төрагасын шайлоого барса, мыйзам бузууга барат, деген оюн айтты. Анын айтуусунда айрым айыл өкмөттөрдү шайлоо тууралуу президенттин 2007-жылдын 5-июнунда чыгарылган жардыгы бар.
Ал эми кээ бир депутаттар президенттен сунуш түшкөн соң, маселени күн тартибине коюп, кароону талап кылышууда.
БШК төрагасына талапкерликке президент тарабынан Камбаралы Конгантиев сунуш кылынган.

XS
SM
MD
LG