Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

18:50 Жалалабат облустук миграция жана жумуштуулук комитетинин жамааты 22-июндан бери ишсиз олтурат


ЖАЛАЛАБАТ. Комитеттин имараты соттордун чечими менен Жалалабат шаарындагы «Учкун» аттуу жоопкерчилиги чектелген уюмдун менчигине өтүп кеткен. Эмгек жамааты ишкананын алдында жеке мекеменин пайдасына чечим чыгарган сотторго нааразы болушту. Соттун чечимине ылайык сот аткаруучулар ишкананын бардык жабдууларын бөлмөлөргө камап кетишкен. Натыйжада миграция жана жумуштуулук комитетинин эмгек жамааты район-шаарлардагы тармактык мекемелер менен байланышы үзүлүп, жарым жылдык отчеттук жумуштарын да жасай албай,сыртта калышкан. Ишкананын бардык бөлүмдөрүнө мөөр басылып жабылган, телефон зымдары үзүлгөн. Мамлекеттик кызматкерлер менен ишканалардын укуктары корголбосо, эмгек жамааты эмки апталарда облбийликтин алдына нааразылык акциясына чыгышы ыктымал. Мындай маалыматты алар 29-июнда комитеттеги абал менен таанышканы барган эркин жана өкмөттүк журналисттерге билдиришти. (YA)

XS
SM
MD
LG