ЖАЛАЛАБАТ. Кесиптик майрам менен облустагы дарыгерлерди губернатор Искендер Айдаралиев куттуктап, эмгек алдыңкыларына облбийликтин ардак грамоталары менен баалуу сыйлыктарын тапшырды. 41 адам тармактык министрликтин ардактуу кызматкер деген наамына ээ болду. Облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Кадырбек Эргешов баяндама жасап, саламаттыкты сактоо тармагындагы реформалар ийгиликтүү жүрүп жатканын белгиледи. Баяндамада тармактагы кемчиликтер аталган жок. Коомчулуктун пикири боюнча эмгек акынын аздыгы менен турмуш жана иш-шартынын начардыгынан башка өлкөлөргө кетип жаткан врачтардын миграциясы токтой элек. Облустун ыраакы райондоруна хирург, акушер-гинеколог, нарколог, педиатр адистигиндеги врачтар, жогорку маалыматтуу 149 адис жетишпейт. КМШ өлкөлөрүнө врачтар менен бирге медициналык орто кызматкерлер да кетүүдө.(YA)
19:00 29-июнда Жалалабатта саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди