Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:23

19:40 Bitel жана MobiCard мобилдик кызматтарынын байланышуу коду алмашат


Sky Mobile компаниясынын маалыматы боюнча 2007-жылдын 1-июлунан тарта Bitel жана MobiCard мобилдик кызматтарынын 0502; 0503 байланышуу коддору 0772 жана 0773 болуп өзгөрөт. Ал эми Бишкек шаарынын коду менен чыгуучу 0312-58; 0312-97: 0312-98.. байланышуу коду 0775 саны менен алмаштырылат.
Компаниянын билдиргенине караганда байланышуу кодунун алмашуусу төрт айга, башкача айтканда 31-октябрга чейин созулат. Бул убакыттын ичинде Bitel жана MobiCard мобилдик кызматтарынын эски жана жаңы байланышуу коддору экөө тең иштей бермекчи. 2007-жылдын 1-ноябрынан тарта жаңы байланышуу коду гана иштейт. Байланышуу коддорунун өзгөрүүсү мобилдик байланыш кызматынын баасына тиешеси жок, тарифтер мурдагы боюнча калтырылат, деп маалымдайт Sky Mobile компаниясы.

XS
SM
MD
LG