Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:20

БУШ АДАМ УКУКТАРЫНЫН БУЗУЛУП АТЫШЫ БОЮНЧА ПУТИНГЕ КАТУУ АЙТАТ


Муса Мураталиев, Москва АКШнын президенти Жорж Буш өзүнүн кесиптеши Орусиянын президенти Владимир Путин менен 1-2-июлда Кошмо Штаттарында жолугат. Ошол жолугушуу үстүндө Орусиядагы адам укуктарынын бузулуп атышы боюнча ырасмий талап коет деп жазат эл аралдык адам укуктарын коргоо уюмунун сайты. Ал жерде маалымдалганга караганда Буш басма сөз эркиндигин калыбына келтирүү, өкүмөттүк эмес уюмдарды чектөөнү алып таштоо, Чеченстандагы киши уурдап, кийин алардын ошол бойдон жоголуп кетишин токтотуу, ошондой эле Орусиядагы кийинки учурда дүркүрөп өскөн өңү буруулардан коркуп-үркүү жана улутчулдук менен күрөштү күчөтүүнү Путинден талап кылат.

Орусиялык адам укугун коргоочулар: «өлкөдө демократиялык абал менен адам укугу жамандоонун үстүндө»,- дешет. Ал туурасында Германияда «чоң сегиз» саммитти өтөр алдында орусиялык 25 укук коргоочулар кол коюшуп, Путинди сындоо талабы менен атайын кат жөнөтүшкөн. Бирок ал жолу өтүнүч ишке ашпай калгансыган. Кийин АКШнын президенти Прагада өткөн «Демократия жана коопсуздук» чогулушу үстүндө: «Орусияда бийликти элдин өзүнө берүүгө багытталган кайра жаралуу кедеринен кетти, демократиялык өнүгүүдө анын залалы кооптонорлук болот»,– деген.

Human Rights Watch жарыялаган макалада апрел, май айларындагы «Маакул эместер» жүрүшү канча жолу, болгондо да Самара калаада олтурум өткөрүп аткан Евробиримдиги өкүлдөрүнүн көзүнчө кысым жеши мисал келтирилет. Ал эми 2006-жылы январда Путин кол койгон өкүмөттүк эмес уюмдарды кайра каттоо жаңы мыйзамына таяп, көз карандысыз уюмдарды жабуу коомчулукка көрсөтүлгөн дагы бир кысым болду деп жазат.

Белгилүү орусиялык адам укугун коргоочу Сергей Ковалевдун оюна кайрылсак, өлкөдө калк кийинки 8 жыл ичи бийлик эптеп эле окшоштуруу ишкердигин чындай көрүп жашоо адатына өткөн. Ошол себептен:

«Биз парламенттик ишкердикти окшоштурабыз, сот бийлигин, сөз эркиндигин, демократияны окшоштурабыз, эптеп эле саал окшош болсо жетиштүү деп эсептейбиз»,- дейт укук коргочу Ковалев.

Мындай адат элди кайрадан Советтер Союзуна баштап баратканын айтат. Коопсуздук менен адилеттүүлүктүн жок экендиги ушундан улам болуп атканын белгилейт. Кийинки учурда Орусияда славян элине окшобогон кишилерди уруп-сабап, өлтүрүп, кордоо сыяктуу улутчулдук маанайдын коомчулукта кеңири тарашы, балээнин баары «көзү кыйшыктар менен кара көчүктөрдөн» деш чындыгында фашисттик Германияда 30-жылдары тараган маанайды эске салат дейт.

Адам укугун коргоочу уюмдун сайтына кайра келсек, ал жерде былтыркы жылы Кремлдин тетири кароосунан улам күч органдары 2500дөй грузин улутундагы кишилерди Орусиядан сүрүп таштоосу эскерилет. Улутчулдук кыстап турганда аны саясий агымдар өз кызыкчылыгына пайдаланып атышы кысымчылыктын отун ого бетер алоолонтуп атат деп жазат. Ошонун айынан кийинки бир эле айдын ичинде Какваз жана Борбордук Азиядан келген 40тан ашуун кишиге улутчул жаштардын кол салуусу болгонун мисал келтирген.

Дагы бир кыйла кеп Чеченстандагы жагдай тегерегинде болгон. Эл аралык уюму эсептеп чыкканга караганда 1999-жылдан бери ал жумурията киши уурдоо жана ошол бойдон ал кишилердин жоголуп кетиши катталган тизмеде 3000ден 5000ге чейин киши бар делинет.

XS
SM
MD
LG