“Дүйнөдөгү бай адамдардын каржылык активдери 11,4 % өстү” деп айтылат Capgemini косалтинг компаниясы менен Merrill Lynch инвестициялык банкы чыгарган жаңы докладда.
Алар 71 мамлекеттин каржылык мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө алышкан. “Миллионер” деп докладда жеке мүлкү 1 млн. доллардан ашкан адамдар айтылат. Бирок ал кишилерге таандык баалуу буюмдар, кыймылсыз мүлк, жана искусство буюмдары эсепке алынган эмес.
Ошентип, жыйынтыгында көрсө, бүгүн дүйнөдөгү миллионерлердин жалпы мүлкү 11,4 % өсүптүр.
Бирок жөн эле миллионерлерден башка ультрамиллионерлердин катары да кеңейип баратат. Бул категорияга изилдөөчүлөр жеке мүлкү 30 млн. доллардан жогору адамдарды аташты. Бүгүн бул клубка 94 970 адам кирет экен. Алардын кирешеси берки жөнөкөй миллионерлердикинен да тез өсүп баратканыны басым жасалды.
Миллионерлердин эң көбү АКШда жашай турганы аныкталган. Бирок эң кызыгы – чириген байлар өнүгүп жаткан өлкөлөрдө да көбөйүп баратыптыр. Мисалы, докладда айтылгандай, Сингапур менен Индияда байлардын саны өтө эле көбөйүп баратат. Буга ал мамлекеттердин Ички дүң продуктусундагы жана фондулук биржаларындагы өсүш жардам болгон өңдүү.
Бразилия, Орусия, Индия менен Кытай 2006-жылы да глобалдык экономикада өзгөчө роль ойноп турушканы айтылат. Булардын ичинен Орусия менен Кытай, байлардын санынын өсүшү боюнча, дүйнөлүк негизги 10 мамлекеттин катарында турушат.
Орусияда, мисалы, байлар көбүрөөк кыймылсыз мүлккө инвестицияны күчөтүшкөн. Азыр кыймылсыз мүлк тармагында алардын үлүшү азыр 24% түзөт. Бир жыл мурда эле алар болгону 16 % активге ээ болчу. Бирок орус байлары көп акчасын өз өлкөсүндөгү там-жайларга эмес, Батыш Европадагы базарга жумшашат экен. “Анткени алар Орусиянын өзүндө көп мүлктү кармоо кооптуу деп эсептешет”,- дейт Credit Suisse Private Banking компаниясынын Москвадагы расмий өкүлү Алексей Родзянко. Швейцариялык бул банктык кызмат азыр орусиялык байлар менен иштешет.
Орусиялык байлардын көңүл ачуучу буюм-тайымдарга жумшап жаткан чыгашасы да өсүптүр. Азыр алар яхта, учак, автоунаа, искусство предметтери жана зергерлик буюмдарына көбүрөөк акча сарпташат.
Кабарга ылайык, соңку бир жылда Жакынкы Чыгыш регионунда гана байлардын биримдиги эмес, тетирисинче, таркап кетишин байкоого болду. Бүгүн дүйнө боюнча мунайга болгон жогорку талап гана бул региондун кирешесине көмөк болуп турганы белгиленет.
Ошентсе да азыр дүйнөлүк экономика жалпысынан өнүгүп баратканын эске алып, докладдын авторлору 2011-жылга карата миллионерлердин жалпы мүлкү 51,6 триллион долларга өсөт деп жатышат.