Орусиянын Башкы прокуратурасы кечээ күнү чыгарган чечимге ылайык, "Коммерсант" гезитинин кабарчысы Иван Сафроновго эч ким кол салган эмес, ал өзү терезеден кулап түшкөн. Сафроновдун денеси март айында анын Маскөөдөгү үйүнүн алдында табылган. Журналист орус компаниялары чет мамлекеттерге мыйзамсыз курал саткагын изилдеп келген. "Коммерсанттын" баш редакторунун орун басары Илья Булавиновдун айтымында, прокуратура маселени тыкан изилдеген жок.