Армения парламенти кечээ күнү атайын мыйзам кабыл алып, чет өлкөлүк радиолордун Армениядагы аракеттерин бир кыйла чектеди. Мыйзам парламентте 2-июлда экинчи окулушта каралууга тийиш. Мындан ары Армениядагы радио же телекомпаниялар чет мамлекеттерде өндүрүлгөн программаларды обого чыгарганда, ар бир жолу 200 доллар салык төлөөгө тийиш. Жергиликтүү өндүрүлгөн программалар үчүн салынган салыктан ал 70 эсе көп. Улуттук үналгы-сыналгы компаниясынын токундарында болсо чет өлкөлүк программалар таптакыр чыгарылбаш керек. Бул мыйзамдын айынан "Азаттыктын" программалары Арменияда обого чыкпай калышы кейиштүү болоору жөнүндө тышкы иштер министри Вардан Осканян билдирди: "Азаттык" обого чыкпай калса, мен үчүн ал өтө кейиштүү болот. Демократиянын тарашына "Азаттык" өз салымын кошкон. Эми кайсы бир себептерден анын программалары ободон алып салынса, ал кейиштүү болот",- деди министр. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму чечимди сындап чыкты.