Ирак өкмөтүнө кирген сунни мусулмандар уюмдарынын өкүлдөрү кечээ күнү атайын билдирүү таратып, өкмөт жана парламенттин иштерине алар катышпай коюшу мүмкүн деп билдирди, анткени суннилердин өкүлү, маданият министри Асад ал-Хашимиге каршы тергөө башталып, ал издөөгө салынды. Укук коргоо уюмдарынын айтымында, 2005-жылдын 8-февралында башка бир сунни саясатчысы Митал ал-Алусинин өмүрүнө кол салуунун артында Хашими турган. Хашими өзү ал күнөөнүн баарын четке каккан, бирок ал өзү азыр кайда экени белгисиз.