Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

11:30 Укук коргоочу Азиза Абдурасулова милиция жетекчилигин сотко берет


Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча укук коргоочунун үй-бүлөсү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчилигин сотко бермекчи. Анын айтуусунда “Келкел—кайра жаралуу” жаштар кыймылынын жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова милициянын колунан таяк жеген Ысыккөл облусунун Бостери айлынын бир нече жашоочусунун укугун коргоп чыккан. Милиция кызматкерлери өз кезегинде Гүлшайыр Абдирасулова уюшкан кылмыш тобунун мүчөсүнө тууганчылыгы бар болгондугу үчүн аны коргоп чыкты деп маалымат каражаттарына билдирген. Гүлшайыр Абдирасулова белгилүү укук коргоочу, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын кызы.

-Бул жерде кызыма гана эмес, менин укук коргоочулук ишмердүүлүгүмө да доо кетип жатат. Мен эч качан тууган-уругумдун укугун коргогон эмесмин. Мен ушуга чейин бүт бардык улуттардагы адамдардын укугун коргоп келгем. Алардын баары менин тууганым болуп чыгабы анда? -дейт Азиза Абдурасулова.

XS
SM
MD
LG