Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:57

12:35 Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу жыйын болуп өттү


Жыйынга мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров катышып, медицина тармагына салымын кошкон отуз эки кызматкерге сыйлыктарды тапшырды. “Даңк” медалы менен Ош облусунун Өзгөн районунун санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Жакып Абдраев сыйланды. Бул күнгө карата “Манас таалими” программасынын алкагында медицина тармагын реформалоого колдоо көрсөтүп келе жаткан донор уюмдардын каражатына сатылып алынган 35 тез жардам унаасы жана 23 жеңил автомашина медициналык мекемелерге тапшырылды.
Ар жыл сайын медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы июль айынын биринчи жекшембисинде белгиленет. Быйыл бул күн 1-июлга туш келди.

XS
SM
MD
LG