Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:54

16:15 Жалалабат облусунда автоавариядан үй-бүлөнүн беш мүчөсү каза тапты


Бишкек-Ош канжолунун Токтогул-Каракөл бөлүгүндө болгон автокырсыктан Сузак районунда жашаган Тажибаевдердин үй-бүлөсү каза болду. Токтогул райондук МАИ кызматкери Байжигит Орозовдун маалымат каражаттарына билдиргени боюнча Тажибаевдердин үй-бүлөсү: күйөөсү, аялы үч баласы менен Ысыккөлдөн эс алуудан келе жатышкан. Рулда отурган атасы уктап кеткенине байланыштуу автомашина жолдон чыгып, жардан кулап кеткен, дейт инспектор.
Үй-бүлөдөн эс алууга барбаган 14 жашар уулу калган.
МАИ кызматкеринин айтуусунда акыркы эки –үч жылдан бери Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы көбөйдү. Буга күндүн ысыгы жана жолдун тегиздиги да себеп болуп, шоопурлардын уктап кетүүсүнө алып келүүдө, дейт ал.

XS
SM
MD
LG