Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

ХОРМЕЙСТЕР ЖАНА КОМУЗЧУ


“Адам эмгеги менен баалуу, даңктуу” дегендей Фахридин Баяковдун атайын музыкалык кесиби хормейстер болсо да, комузчу-аткаруучулуктун аркасы менен элдик өнөр дүйнөсүнөн бактысын тапкан шайырдын бири. Ал бүгүнкү күндөгү орто муундагы шайырлардын ичинен аткаруучулук чеберчилиги, чертүү ыкмасы, угуучу-көрүүчүлөрдү чертип жаткан чыгармасы менен өзүнө тарта билген жылдыздуулугу, комузга жан сала колун түркүн көрүнүштө ойното маштап чертүүсү менен өзгөчө айырмаланат.

Фахридиндин чыгармачылык өмүрүнө көз чаптырсак, ал 1971-жылы кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институнунун хор дирижерлоо факультетин бүтүрөт. Бүтөрү менен Фрунзе районунун маданият үйүндө директор, 1973-жылдан Ош мамлекеттик педагогикалык музыка факультетинде хор дирижерлоо кафедрасында ага окутуучу болуп иштейт. Ал таланттуу студенттерден хор жамаатын уюштурат. 1975-жылы Фахридин жетектеген коллектив Таллинде өткөн эл аралык академиялык хор жамааттарынын сынагында алтын медаль, 1977-жылы Болгариянын Варна шаарында өткөн эл аралык фестивалда күмүш медалды жеңип алат. Кийин Фахридин Өзгөн, Алабука, Каракулжа ыр-бий ансамблдерин жетектөө менен бирге “Миң кыял” аттуу элдик комузчулардын ансамблин да уюштурат. Жаш жамаат бат эле эл көзүнө көрүнүп, көпчүлүк угуучулардын алкоолоруна ээ болуп, көптөгөн сынактардын, фестивалдардын лауреаттарынан болот. Фахридин мырзага комуз дүйнөсүнө кандайча келгенин билиш үчүн микрофон узатканымда мындай жооп алдым:

- Мен жети жашта элем. Өзүмдүн бир тууган агам комуз чертүүчү эле. Ал кезде ата-энем Өзбекстандын аймагында жашашчу. Үйдө комузубуз жок эле. Агам экөөбүз өзбектин дутарын чертчүбүз. Кийин агам атайын карагайдан комуз чапты. Бир күнү биздин үйгө бир комузчу келип калды. Ал Атайдын “Кыз кербезин”, “Саадак какты” ж.б. күүлөрүн чертип жатканда мен өзүмдү башкача сезип, толкунданып, комузчунун аспабынын кулактарын кармалап, акеме: - Аке комуз чаппайсызбы, сиз да чертесиз, мен үйрөнөйүн десем, карагайдан ал чаап, капкактап берди. Акем менен кошулуп козум черте баштадым. Ал кезде бири-бирибизге үйрөтүш деле жок эле. Акем бир көргөзүп эле чертип койсо, мен аны кайта-кайта кайталап черте берчүмүн. Кийин кыргызстанга азыркы Кадамжай районуна көчүп келдик. Мына ошол жерден жакшы комуздуу болдум. Баса, агам агам чапканды мен да туурап жанагы эле карагайдын тактасынан теше менен чапкылап, чарасын көңдөй кылып оюп, аны капкактап комуз чаап алдым. Бул да өзүнчө кызык экен. Ошентип, ошондон бери колумдан комузду түшүрбөй күүлөрдү чертип жүрөм.

- Фахридин мырза, эң алгачкы элдик угуу салты боюнча үйрөнгөн күүлөрүң кайсылар болду?

- Эң алгачкы жолу күүнү толук үйрөнүш үчүн мен грампластинкадан (табактан) күүлөрдү угуп, жарыша чертип жүрүп үйрөндүм. Ал кезде патефон үйүбүздө жок эле. Ошондуктан коңшу-колоңдордон сурап келип, табакты коюп, Токтогулдун “Бала кербезин”, Атайдын “Кыз кербезин”, “Саадак кактысын” угуп, аларды жаттай баштадым.

- Кайсы жылдан баштап жумурай журттун көзүнө комузчу-аткаруучу катары көрүнө баштадың?

- Борборубуздагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун босогосун аттай баштагандан көрүнө баштадым. Институттун өздүк көркөм чыгармачылыгына катышып комуз чертип, концерттерге катышып, телевизорго тартылып жүрдүм. Ошентип, угуучуларга комузчу-аткаруучу катары тааныла баштадым. Тилекке каршы ал кезде жаштар комузга аз кызыгышчу эле. Ошол кездеги агымга жараша комузду таштап коюп, гитара дүйнөсүнө өтүп кеттим. Ал турсун урма аспаптарда да ойной баштадым. Эстраданы кубалап жүрүп соло, бас гитараларды черттим. Ошентип ар жак, бер жака урунуп жүрүп он жыл зысырап өтүп кетти. Кийин окууну бүтүп айылга барып маданият үйүндө директор болуп иштей баштагандан кайрадан комуз керек экенине түшүндүм, көзүм жетти. Эстрада тобун да уюштурдум. Спектаклдерге музыка да жаздым, көркөмдөдүм. Бирок, менин бактым өмүрүм комуз гана экенин түшүндүм. Колумдан түшүрбөй чертип өздүк репертуарымды байыта таштадым. Менин угуучуларга аттын кашкасындай таанымал болгон кезим 1973-жыл деп эсептейм. Себебеи Ош пединститутунун (азыркы университеттин) музыкалык факультетинде мугалим болур иштей баштаган күндөн комузчулар ансамблин уюштуруп, биртоло комузга кириштим. Ал турсун хор дирижерлук кесибимди да таштадым. Ошентип 34 жылдан бери бүтүндөй өмүрүмдү комузга арнап келатам. Азыр студенттерге комуздан да, өзүмдүн кесибимден да сабак берем. Көптөгөн чет өлкөлөргө хор, комузчулар ансамблдери менен гастролдорго бардым. Эми болсо мени эл хор дирижеру эмес, комузчу катары таанышат, баркташат. Алардын андай сый-урматтарына чоң ырахмат демекчимин.

- Фахридин мырза, өздүк репертуарыңдын басымдуу көпчүлүгүн Ниязаалы, Токтогулдун, Атайдын айтыш күүлөрү ээлейт экен. Залкар (кара) күүлөрдүн баштоочулары Муратаалы, Карамолдо, Ыбырайдын күүлөрүн да чертесиңби?

- Ниязаалы атабыз түштүк өрөөндөгү кол ойнотуп, араларына сөз кошуп куудулданып черткен айтым күүлөрдүн баштоочуларынын бирөө . Ырас, андан мурда деле залкар шайырлар болгон. Бирок, тарыхка кирбей, жазылбай калган. Айрыкча түштүктүн тоолуу чөлкөмдөрүндө, Аксуу өрөөнүндө айтыш күүлөр күчтүү өнүккөн. Талас аймагында айтыш күүлөр кеңири жайылган. Биз ошол чөйрөгө, угуучулардын суроо талаптарына жараша көпчүлүк учурда Ныязалынын «Кара өзгөйүн», Токтогулдун «Тогуз кайрыгын» чертип жүрөм. Менин оюмча түштүктөн чыккан комузчулардын күүлөрү кол ойнотуп, көркөмдөп черткенге өтө ыңгайлуу. Түндүктөгү Ысыккөл, Нарын тараптан чыккан залкар комузчуларыбыз негизинен кара күүлөргө басым жасашкан. Алар айтуучу ойлорду, берейин деген идеяларын таза кайрыктар аркылуу түшүндүрүшкөн. Маселен, Карамолдо Орозов, Муратаалы Күрөңкеев, Чалагыз Иманкулов ж.б. алардын ичинен Ыбырай Туманов атабыз эмне деген гана укмуштай кара күүлөрдү чыгарышкан. Маселен, «Жыргал күн», «Жаш тилек», «Кеңеш» деген ж.б. кара күүлөрү эмне деген кереметтүү күүлөр. Кезинде кара күүлөрдү түштүк тараптан чыккан комузчулар да чыгарыптыр. Бирок, залкар күүлөрду түндүктөн чыккан комузчулар чыгармачылыгында кеңири өнүктүрушкөн. Карамолдо , Ыбырай атабыздын көп күүлөрун чертип, сыймыктанып жүрөм. Бирок, бизде бир жаман адат пайда болду. Көпчүлук учурда концертке чыкканда кол ойнотуп күүлөрдү черткиле дешет. Бул такыр туура эмес. Эми мен Карамолдо Орозовдун «Сынган бугусун» чертип берейин. Кандай деңгээлде чертеримди угуучулар өздөру баамдап көрүшсүн.

- Фахридин мырза 40 жылдан бери жалаң жаштар менен иштешип жүрөсүң. Бүгүнкү күндөгү жаштардын комуз күүлөрүнө болгон мамилелери кандай?

- Бүгүнкү күндө жаштардын комуз күүлөрүнө болгон мамилеси өтө начар. Ырыс, күүлөргө кызыккан үй-бүлөлөр бар. Бирок, алардын саны өтө аз. Ачык айтканда 15-20 % пайызы комуз күүлөрүнө кызыгышат. Бүгүнкү күндөгү эң бир орчундуу маселенин бири азыркы улан-кыздарды элдик музыканы, күүлөрдү угууга, сүйүүгө кызыктыруу. Элдик аспаптарыбыз комуз баштаган ооз темир комузду, чоорду, сурнайды үйрөтүү аларга кызыктыруу башкы проблеманын бири деп эсептейм.


- Аны кантип жоюш керек?

- Аны жоюунун бирден бир жолу комуз, кыл кыяк, чоор күүлөрү, фольклордук ансамблдердин аткарган чыгармалары көбүрөөк эфир аркылуу берүү, маданият жана маалымат министрлиги, улуттук телерадио, элдик телевидение колго алышса деймин. Себеби, алар элдик музыкага көбүрөөк басым жасабай жатышат. Баягы эле тырмакчанын ичиндеги «жылдыздарга» басым жасап жатышат. Алардын ырдаган ырларынын сөздөрүнүн мааниси тайкы обондорунда кыргыздын жыты жок. Аркы жак берки жактан жымырып алышкан ырлар, тарбиялык мааниси жок. Алардын жазган чыгармалары көркөм кеңештен өтпөй эле, өздөрүн өздөрү билип, өтүктөрүн төргө илип, ырдап, бийлеп, угуучулардын табиттерин бузушууда. Кыргыз телерадиосунун, Элдик телевидение кайсыл убакта көрбөгүн мааниси жок, кыргызча эмес андан-мындан уурдалган болбогон чыгармаларды угасын. Акыркы кезде мен телевизор көрбөй калдым. Себеби көрө турган музыкалык берүүлөр жок. Булар жаштардын жан дүйнөлөрун талкалап жатат. Ошондуктан жалпыбыз колго алышыбыз керек.

- Ырахмат, Фахридин мырза. Сизге чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
XS
SM
MD
LG