Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Коалиция күчтөрү Ооганстанда катардагы тургундардын өлүмүн тергөөгө алат


Ооганстандагы АКШ командачылыгы коалициянын аба соккуларынан жайкын калк арасынан бир нече киши каза болгон деген маалыматты текшерет. Катардагы адамдардын өлүмү тууралуу маалымат жума күнү америкалык жана ооган полицейлери менен талиб согушкерлери ортосунда болгон кагылышуудан кийин түшкөн. Аскерий операциялар учурунда катардагы тургундардын курман болушу ооган калкынын кыжырын келтирүүдө. Ал арада өлкө президенти Хамид Карзай коалицияны жайкын калктын коопсуздугун камсыз кыла албагандыгы үчүн катуу сындады.

XS
SM
MD
LG