Бул иш боюнча соттун кезектеги отурму 25-июнда болгон. Бирок Абубакры жана Ибрагим Сабировдордун адвокаты жок болгондуктан, сот отуруму 2-июлга жылдырылган. Сабировдордун адвокат жалдаганга каражаты жок болгондуктан, алардын укугун “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдрасулова коргомой болду.
Абубакры жана Ибрагим Сабировдорго адамдын ден-соолугуна атайылап залака келтирген деген айып тагылган. Соттун чечими менен Абубакры Сабиров шарттуу түрдө 8 жылга, ал эми Ибрагим Сабиров шарттуу түрдө 6 жылга эркинен ажыратылган. Жабырлануучу Мирбек Абдыкалыков соттун мындай чечими менен макул болбой, шаардык сотко доо арыз менен кайрылган. Бул ишти териштирүү акыйкат болгон эмес деген негизде, эки жыл мурун сот чыгарган чечимге нааразылык катары эки баланын атасы Сабиржан Сабиров 27-февралда парламенттин маңдайында өзүн өзү өрттөп жиберген. Эки күн өтпөй, 1-мартта Сабиржан Сабиров каза болгон. (MSu)