Аксы районунун айрым тургундары апрель айында гезитке жарыяланган «10 күн убакыт беребиз» деген макалада аксылыктардын ар намысына доо кетирилген деп, гезиттен 25 миллион сом өндүрүп берүү талабы менен сотко кайрылышкан. Сот арызды кароону 26-июнда карап баштап, бирок басылма өкүлүнүн дооматтар менен таанышууга убакыт сурашынан улам 4-июлга которгон. (SM)