Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

16:04 Балыкчы шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке депутатты шайлоо күнү бир айдан кийин жарыяланат


БШКнын бүгүнкү отурумунда кабыл алынган чечимге ылайык 2006-жылдын 9-апрелинде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкты. Буга «Шайлоо кодексине өзгөртүү, түзөтүү жөнүндөгү» жаңы мыйзам негиз берди. Мыйзамда шайлоого катышкан адам шайлоо өткөндөн кийин мерт болсо, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылат деп көрсөтүлгөн. Парламент кабыл алган бул мыйзамга президент 27-июнда кол койгон. Мыйзамдын иштелип чыгышына бул округда шайлоого катышып, көпчүлүк добуш алган Рысбек Акматбаевдин атып өлтүрүлүшү себеп болду. Мыйзамга ылайык келерки шайлоо бир айдан кийинки убакыт аралыгында белгиленет.(BuS)

XS
SM
MD
LG