Ички иштер министри Болотбек Ногойбаевдин бүгүн журналисттерге билдиргенине караганда, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алдында шаарга күзөткө күнүнө 12-15 топ чыгууда. Алардын жардамы аркылуу Шри-Ланка, Пакистан өңдүү мамлекеттерден Кыргызстан аркылуу Орусияга, Европага өтүүнү каалаган мыйзамсыз мигранттардан шаар тазаланып жатат. Саммиттин алдында мындай аракеттер күчөтүлүп, жер-жерлерден милиция кызматкерлери борборго алынып келинет. Бул тууралуу ички иштер министри ЕККУдан техникалык жардам алуу маалында билдирди. ЕККУ Ички иштер министрлигин реформалоого байланышкан долбоордун алкагында «Нива» үлгүсүндөгү он автоунаа берди. (BuS)