Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:00

ЭНЕРГЕТИКА РЕФОРМАСЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ЖҮРҮШҮ


Менчиктештирүүнүн жаңы баскычы энергетикалык бөлүштүрүү компанияларын жеке колго сатуу иши жакын арада башталганы турат. Парламент алгачкы сыноо катары реформаны “Түндүк электр” акционердик коомунан баштоого уруксат берген токтом кабыл алды. Менчиктештирүүнүн буга чейинкисине “эки” деген баа койгон парламент кийинкисин кандай баалар экен?

Кыргызстан экономикасынын көзгө басар ишенич-үмүтү энергетика тармагын реформалоо жайында 1998-99-жылдары эле кеп боло баштаган. 2001-жылы мурдагы «Кыргызэнерго» мамлекеттик компаниясы жетиге бөлүнүп, электр станциялары менен жогорку чыңалуудагы улуттук электр линиялары өз алдынча, андан сырткары түндүк, чыгыш, Ош, Жалалабад, Бишкек жылуулук борбору акционердик коомдору ажырап чыккан.

Ич ара жиктелип кеткен мамлекеттик ири монополиянын тагдыры алты жылдан бери жакшы оңолбой, кризистен чыгалбай келатат. Анын чоо-жайын парламент депутаты Райымбек Мамыров тармактын майдаланып бөлүнүп кетишине байланыштуу түшүндүрөт. Анын пикиринде, электр станциялары менен ташып жеткирүүчү улуттук электр линияларын өз ара бөлүштүрүүнүн кажаты жок болчу.

- Oшол акционердик коомдордун мыйзамы боюнча башкарылат деп жазылып калган. Мисалы үчүн бир жерде электр энергия үзүлүп же жетпей кала турган болсо анын аягына чыкпайсыз. Бирөө чыгарып берип жатканын айтат. Экинчиси ташып, жеткирип жатканын айтат. Бирөө болсо: «Мен бөлүштүрүп жатам», дейт.

Экономикалык кыйын абалга кептелген бөлүштүрүү компанияларын жеке колго сатуу буга чейин чогулган проблемаларды чечүүнүн бирден-бир жолу экенин президент К.Бакиев баш болуп, мурдагы-кийинки өкмөт башчыларынын дээрлик баары ырасташат. Маселен, премьер-министр Алмазбек Атамбаев бул маселеде концессияга, чет элдик инвесторго убактылуу пайдаланууга берүү демилгесин жактайт.

- Мен, мисалы, сатыш керек деп айткан эмесмин. Менимче, болбой эле, биринчиден, жанагы концессияга өтүп көрүш керек.

Ушу тапта бөлүштүрүү компанияларынын 80% ашуун акциясына мамлекет ээ. Анткен менен мына ушул 18 гидроэлектр, жылуулук станцияларынын иштелип чыккан энергиянын 40% ашууну уурдалып-тонолушу көнүмүшкө айланып калды окшойт. Андан кутулуунун жалгыз аргасы катары өкмөт бөлүштүрүү компанияларын жеке колго берип, колунда тариф саясатын гана алып калууну көздөөдө.

Ошол себептүү Энергетика, отун-суу, өнөр жай министри И.Чудинов он бир жылдан бери доллар эсебинде электр акысы болгону 15% гана көтөрүлгөнүн белгилеп, мындан ары аны жыл сайын 12% көтөрүп туруу сунушун айтып чыкты.

- Жыл сайын 5 –7% инфляция болуп атпайбы. Анан да 5% тармактын өнүгүшүнө деп, жыл сайын элге12% тарифтерди жогорулатып турушубуз керек. Ошондо ай сайын тарифтер 1% жогорулап турат экен,- дейт И.Чудинов.

«Түндүкэлектр» акционердик коомунун жетекчиси Шамил Осмоновдун маалымдашынча, бөлүштүрүү компаниясынын тагдырын мыйзам негизинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети аныктамакчы. Быйылкы жарым жылдыктын эсебин чыгара келгенде компаниядагы жоготуулардын көлөмү мурдагы деңгээлинде, 42% боюнча калып жатат.

- Мына жарым жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы жоготуу 42% түздү. Бул деген сөз эгер жүз сомуң болсо ошонун 42 сому түбү менен жок болуп кетти, дегенге барабар. Шаар боюнча талдоо жасаганыбызда Бишкек шаарын электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу үчүн 229 миллион доллар керек экен.

Азырынча «Түндүкэлектр» акционердик коомунун реформаланышы кандай болору тактала элек. А.Атамбаев айткандай, концессияга берилсе, ал кандай шартта берилери да ачык эмес. Айтса, парламент токтомунда баса көрсөтүлгөн тарифтердин көбөйүшүнө жол берилбеши керек, деген сестүү эскертүүнү реформачылар эсине алар-албасы да белгисиз.

XS
SM
MD
LG