Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:17

7:09 Кыргыз-өзбек чегинде чыр-чатактар көбөйүүдө


Чектеш аймактарда соңку күндөрдө эле өзбек чек арачылары кыргыз жарандарына кол салган эки-үч учур катталганы кабарланып жатат. Маселен, Карасуу районунун Өзбекстанга чектеш Акташ айылынын эки тургуну, бир тууган Анарбаевдерди талаада иштеп жаткан жеринен өзбек чек арачылары өз аймагына алып өтүп, катуу сабап салган. Өзбек чек арачыларынан запкы жеген кыргыз жарандары учурда оор абалда ооркунада жатышат. Мындан сырткары Араван районунун Арап айылынын бир тургуну да өзбек чек арачысынын запкысына кабылып, сол колуна ок жеген. Мындай чыр-чатактардын көбөйүшүнө байланыштуу Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн чек ара аймактарын кыдырып, андагы кырдаал, чек ара бөлүктөрүндөгү абал менен таанышмакчы. Бул маселе жакын арада болчу эки өлкөнүн кошуналаш облустарынын башчыларынын жолугушуусунда да козголот.(SM)

XS
SM
MD
LG