Кадамжайдын Дугава жайытында кыргыз чек арачылары өзбек жарандарына таандык 50 чакты ири жана майда малды кармоого алышты. Баткен облустук бийлигинин өкүлдөрү өзбек жарандарына буга дейре да бир катар эскертүүлөр болгонун, бирок ага карабай өзбек тарап эки тараптуу келишимдерди бузуу менен кыргыз жайыттарына мыйзамсыз мал багуусун улантып жатышканын айтышууда. (SM)