Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

12:57 М. Султанов: Кытай элчиси Жогорку Кеңеште тыңчы кармалгандыгына таң калуусун билдирди


Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановдун айтымында, мындай оюн Кытайдын Кыргызстандагы элчиси төрага менен жолугушуу учурунда билдирген. Султанов Жогорку Кеңешти сыр сактабаган ачык мекеме катары санайт. Ал эми Жыпаргүл Арыкованын кармалышына байланыштуу анын ишмердүүлүгүнүн багыттарын иликтөө тиешелүү бөлүмдөргө тапшырылды. Кызматкерге карата сот иши башталса, адвокат тарабынан жардамдашууга Жогорку Кеңеш даяр, деп билдирди Марат Султанов.
Коопсуздук кызматы өткөн аптада Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына жолдогон катында Жыпаргүл Арыковага карата Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (коргонуу зарылдыгы), 37-беренеси (аргасыз зарылдык), 91-беренеси (медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу жана башка чаралар) боюнча кылмыш козголгондугун маалымдаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG