Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

16:33 «Таза суу» программасы боюнча 19 айылда курулуш иштери сапатсыз бүткөрүлгөн


«Таза суу» программасы боюнча сапатсыз бүткөрүлгөн иштерден улам эл арасында нааразычылыктар чыгууда. Айылдарды суу менен камсыздоо департаментинин деректири Нурмамат Муллакелдиевдин айтымында, долбоорду адеп башталгандан бери эле катачылыктар коштоп келүүдө.
"Биз 24 курулуш мекемелер менен эки тараптуу контракты токтоттук. Курулушу аяктаган айылдардын 19 айылында чырдашуулар болууда. Ушундан улам 14 курулуш мекемелердин иши прокуратурага берилип, иш козголгон. Алардын экөөсүнүн иши сотко ашырылды",-дейт Н. Муллакелдиев. «Таза суу» программасы Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк Банк, Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү департаментинин каржылык колдоосу астында 2001- жылдан бери ишке ашырылып келүүдө. Жалпы суммасы 70 миллион АКШ долларына барабар бул долбоор боюнча үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 500 айылдагы эл таза сууга жетиши керек. 2007-жылдын 1-июнуна карата 347 айылга таза суу берилип, дагы 162 айылдарда курулуштар жүрүүдө. (KUs)

XS
SM
MD
LG