Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

7:38 Ошто кыргыз-өзбек чегиндеги жерлердин өзбек жарандарына сатылып кеткени аныкталууда


Облус губернатору Жантөрө Сатыбалдиев кечээ чек ара аймактарындагы абал менен таанышуу учурунда бир канча аянт жерлердин өзбек жарандарына сатылып кеткени белгилүү болду. Маселен, кыймылсыз мүлккө укуктук каттоо боюнча агенттиктин Араван райондук бөлүмүнүн мурдагы башчысы тарабынан Нурабад айыл өкмөтүнө тиешелүү 52 сотых жер өзбек жаранына сатылып кеткен. Чек арадагы кырдаал менен таанышкан соң губернатор дагы канча жер кошуна өлкөнүн жарандарына өтүп кеткенин тез арада аныктоо маселесин тиешелүү жетекчилерге тапшырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук бийлигинин маалымат катчысы Алишер Токсонбаев билдирди.(SM)

XS
SM
MD
LG