Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

КЫРГЫЗСТАНДА КИМ ПАРАКОР?


«Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити, Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы коррупцияны эсептин тили менен айтып бергиси келген. Гезит бутага 5 окуу жайын (КМУУ, БГУ, КГМА, КМУСТА,КМТУ) алган. Сурамжылоого студенттердин 92, окутуучулардын 6 жана окуужай жетекчилигинин 2 пайызы катышкан. Суралгандардын 55 пайызы баа же зачет үчүн студенттердин 59 пайызы жалаң гана акчанын күчү менен окушарын белгилеген. Ошол эле убакта жогорку окуу жайдын Татьяна аттуу кызматкери мугалим курбусунун экзамен сайын ар дайым акча аларын, акча алгандыгы үчүн аны айыптай албастыгын, анткени ал эки баласын жалгыз өзү багып келаткан жалгыз бой эне экендигин, анын үстүнө ал үстүндө үйү жок, батирде жашарын, эгер минтип кошумча акча таппаса жашай албастыгын айткан. Ушул эле гезит Бишкек саммитке даярдык көрүп жатканын жазды. Жамгыр катуу жааган күндөрү шаар көпүрөлөрүнүн алды адам өталгыс көлчүккө айланып келатмай илдети бар эле, эми бул боюнча ирригациялык тармактар менен шаардагы суу түйүндөрү туташкан арыктарды калыбына келтирүү үчүн 40 миллионго жакын, жөө басчу жолдорду оңдоо үчүн 78 миллион сом каралып, 122 миң чарчы метр аянтка брусчатка төшөө каралганын, бөлүнгөн каражаттын бүгүнкү күнгө дейре 5,7 миллион сому өздөштүрүлгөнүн маалымдады.

«Дело №…» гезити оппозициядагы депутат М.Эшимкановдун Швейцарияга элчилик кызматка аттанып баратканына комментарий берген. Мелис мырза, эгер бийлик аны жана анын санаалаштарын куугунтукка алганды токтотсо дипломатиялык ишке барам деп айтканын эске салып, Европанын гүлдөгөн өлкөсүнө Эшимкановду элчи кылуу менен Бакиев абдан эле туура иш жасаганын, муну менен президент оппозиционерлердин ичинен эң эле жигердүүсүн, калеминен да, тилинен да чаң чыккан адамды өлкөнүн сыртында кармап тургусу келгенин, бирок…Эшимканов мырза үчүн бул ардактуу элчилик-сүргүн акыр-аягында күтүүсүз жагымсыз иштер менен коштолбосо болду, анткени депутаттык кол тийбестиги жок оппозиционерди оюндан чыгаруу бийлик үчүн карга кык таштагандай эле кеп болуп калбадыбы деп жазды. Гезит ошондой эле Ысык-Көлдүн курорттук аймагында туристтерди тоной баштаган кылмыштуу топ колго түшкөнүн, анын мүчөлөрүнүн үчөө- болгондо да Бишкектик милийсалар экенин, маселен Нуржигит Абдраимов Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «Бүркүт» деп аталган бөлүгүндө кенже инспектор, старшина Азамат Жаркынбаев Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө техник-криминалист, сержант Кубанычбек Касымов Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн күзөт бөлүмүнүн күзөткери болуп иштээрин, топтун дагы эки мүчөсү Мухтар Чынгышев менен Азамат Токторбаев мурда жаман жактары менен милийса кызматынан бошотулгандар болорун… Жогорудагы киши тоногуч милийсаларын ээн-жайкын кое берип булардын жетекчилери каякты карап олтургандыктарын бүгүн КР ички иштер министрлиги өзү текшерип жатканын баяндады, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн сүрөттөрү менен баскан гезит.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG