Тажикстандын тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи Ооганстан менен тогошкон чек араны бекемдөө жана бажыкананын инфраструктурасын жакшыртууда НАТОнун мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу сунушун киргизди. Министр Зарифинин айтымында, НАТО күчтөрү тажик чек арасын кайтарган жоокерлерге билим берсе жакшы болмок. Бул тууралуу Зарифи 2-июлда НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер менен Брюсселдеги жолугушуусу учурунда билдирди.