Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

13:15 «Агымдын» аксылыктарга байланышкан соту 12-июлда уланат


Мындай чечимди бүгүн Ленин райондук соту кабыл алды. Ал эми бүгүнкү отурумунда сот доогер тараптын жана күбөлөрдүн маалыматтарын укту. «Аксы бириккен кыймылынын» атынан жарыяланган билдирүүдө Президенттен экс-президент Акаевдин Аксы окуясына Курманбек Бакиевди күнөөлөгөн билдирүүсүн төгүндөөсүн, Азимбек Бекназаровду ар кандай комиссия мүчөлүгүнөн чыгарууну, «Кристалл» маселеси боюнча иш козгоону ж.б талап кылып, алар он күн ичинде аткарылбаса Бишкек-Ош автожолу Ташкөмүр көпүрөсүнүн жанынан тосулары белгиленген. Жалпы аксылыктардын атынан жасалган мындай билдирүүнү аксылыктардын аброюна шек келтирди деп эсептеген Кубанычбек Мамткеримов «Агымды» сотко берип, соттон 25 миллион сом өндүрүүнү суроодо. (BuS)

XS
SM
MD
LG