Адвокат Айжан Касымалиеванын «Азаттыкка» бүгүн билдиргенине караганда, Коопсуздук кызматынын абагында отурган Жыпаргүл Арыкованын жүрөгү начарлап, саламаттыгы оорлоп жатат. Ушул негизде Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сурап келерки дүйшөмбүдө адвокат сотко кайрылганы жатат. Бул маселени 3-июлда тергөөчү менен жолугушууда да талкуулады. Адвокаттын айтымында, кылмыш иши менен таанышууга бир жарым айдан кийин гана мүмкүнчүлүк алат, ошондуктан, ал өз жактоочусуна карата Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси боюнча мамлекетке чыккынчылык кылды деп тагылган алгачкы айыбынан башкалары тууралуу маалыматы жок. Буга чейин Кылмыш-процессуалдык кодексинин кызматтык сыр саналган маалыматтарды беруу деген 302-беренеси боюнча, кийинчерээк медициналык аракеттерге мажбурлоочу 36, 37, 91- беренелери боюнча кылмыш козголгондугу кабарланган. (BuS)
13:50 Жыпаргүл Арыкованын адвокаты анын баш коргоо чарасын өзгөртүү аракетин көрө баштады