Бүгүн Бишкекке расмий сапар менен келген Ислам өнүгүү банкынын президенти Ахмад Мухамад Али аль-Мадамини президент Курманбек Бакиев кабыл алып, экономикалык кызматташтыкка кошкон салымы үчүн «Данакер» орденин тапшырды. Бул күнү Банктын президенти президент Бакиев менен бирге Каржылоонун ислам принциптерин жайылтуу боюнча сынак долбоорунун ачылышына катышты. Экобанктын базасында ишке киришип жаткан долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга былтыр кол коюлган. (BuS)