Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:46

НУРМАМАТ МУЛЛАКЕЛДИЕВ: «ТАЗА СУУ» ПРОГРАММАСЫ БАШЫНАН ЭЭРГЕ КЫЙШЫК ОТУРГАН


Маектешкен Күмөндөр Усуптегин «Таза суу» программасы боюнча сапатсыз бүткөрүлгөн иштерден улам эл арасында нааразылыктар чыгууда. Айылдарды суу менен камсыздоо департаментинин деректири Нурмамат Муллакелдиевдин айтымында, долбоорду адеп башталгандан бери эле катачылыктар коштоп келүүдө.

-Нурмамат мырза! Азия Өнүктүрүү Банкы, Дүйнөлүк Банк, Улуу Британиянын эларалык өнүктүрүү департаменти жана Кыргыз Өкмөтүнүн биргелешүүсундө ишке ашырылып жаткан «Таза суу» долбоору боюнча канча айылда курулуштар бүттү жана канчоондо иш жүрүп жатат?

-Ушул 2007-жылдын 1-июнуна карата республика боюнча 347 айылга таза суу берилип, 590 миң адам таза суу менен камсыз болду. Учурда дагы 162 айылда курулуштар жүрүүдө.

- Кээ бир айылдарда нараазычылыктар пайда болууда. Ошондой эле бул долбоорго эл арасында ишенбөөчүлүктөр жаралды?

-“Башынан баштап ээрге туура эмес олтурган” дегендей, башынан ушул проект ишке ашып баштаганда, мүмкүн, тажрыйбанын жоктугунандыр, мүмкүн, Өкмөттөн, Жогорку Кеңештен, Президенттик администрациядан жакшы көңүл бурулбагандыктанбы, айтор мүчүлүштүктөр кеткен. Аны биз моюнга алышыбыз керек. Эң башкы мүчүлүштүк - долбоорлор туура эмес чийилген. Долбоорлор айыл жеринде эмес, борбордо олтуруп эле кабинеттик стилде чийилгендиктен, кийин иштебей, иштесе да чала бүткөндүктөн эл арасында нааразычылыктар чыкты. Экинчи катачылык, бул тендердик комиссиядан курулуш мекемелери туура эмес таңдалгандыктан мына бүгүнкү күндө эки жылда бүтчү объектилер беш алты жылдап бүтпөй жатат.

- Ал эми мүмкүнчүлүгу болбогон курулуш мекемелер менен келишимдер токтотулдубу же алар дале иштеп жатабы?

- Бүгүнкү күндө 24 курулуш мекемелер менен контрактты бузуп, кайрадан колунда бар мекемелерге өткөрүп берип жатабыз. Алар ошол подпроектилерди ийгиликтүү аткарып жаткан фактылар бар.

-Мыйзамсыз иш аракет кылган жагдайлар боюнча кылмыш иш козголгон фактылар барбы?

-Бул боюнча 14 курулуш мекемелердин иши Башкы прокуратурага берилген. Аларда миллиондогон сомдор туура эмес жакка иштетилип кеткен. Учурда 14 кылмыш иш козголуп, экөөсүнүн иши сотко ашып олтурат.

-Ушул убакка чейин канча айылда чырлашуулар басылбай келет?

-19 айылда суу чыгып, чыкпагандыгы аныкталган. Эми бул жерде подрядчикте да күнөө бар, элде да кунөө бар, бизде да күнөө бар.

- Быйыл «Таза суу» долбоорлору аяктайт. Ошондуктан келерки жылда кайра улантуу болобу же ушуну менен долбоор токтоп калабы?

- Менимче экинчи этабы болот. Буюрса, 2017-жылга чейинки стратегия иштелип чыгууда.

- Айтмакчы, долбоор тутумуна санитардык тутум да киргизилген экен. Ал жагында кандай иштер аткарылууда?

- «Таза суу» программасынын биринчиси калкты суу менен камcыз кылуу, экинчиси айыл элинe санитардык-гигиеналык билим берүү болгон. Бирок суу түтүктөр гана курулуп, бул боюнча курулуштар жүргөн эмес.

- Эң орчундуу маселелердин бири бул, сууга акы төлөө. Биз билгенден көп айылдарда эл сууга акы төлөшпөйт.

- 2006-жылга чейин тарифтин чогулганы болгону 10 пайыз болуп келген. Кайра-кайра элге түшүндүрүүдөн кийин, тариф чогултуу 60 пайызга чыкты. Өсүш бар. Эгер аны 80 пайызга жеткирип алсак, өзүн-өзү актап, суу системасы такай иштейт.

XS
SM
MD
LG