Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

15:20 Аманбай Сатыбаевдин соту 11-июлга калтырылды


“Элим менен элим үчүн” коомдук уюмунун жетекчиси Аманбай Сатыбаевдин үстүнөн кылмыш жаза кодексинин 213-беренесинин 1-пункту боюнча салыкты жашыргандыгы үчүн жана 350-берененин 1-пункту документтерди жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, үстүбүздөгү жылдын 3-май күнү камакка алынган.
Ош облустук соту кечээ бул иш боюнча угуу жүргүзүп, салык инспекциясынын экспертинин иш менен толук таанышпагандыгынан улам ишти кароону кийинки жумага калтырды. Айыпталуучунун адвокаты болсо коюлуп жаткан күнөө негизсиз экендигин билдирди.
Айрым укук коргоочулар “Элим менен элим үчүн” коомдук уюмунун жетекчиси Аманбай Сатыбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши саясий буйрук болгондугун белгилешүүдө. Аманбай Сатыбаев №57 Кемин шайлоо аймагынан ЖК депутаттыгына талапкерлигин койгон Бермет Акаеванын таламын талашкандыгы үчүн куугунтукталып жатат дешет алар.

XS
SM
MD
LG