Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

15:45 “Адам эркиндигин, ар-намысын жана колтийбестигин коргойбуз” деп аталган кампания башталды


Адам укугун жана эркиндигин коргоо боюнча 1 миллион кишинин колун чогултуу кампаниясы бүгүнтөн тарта башталат. “Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук уюму, “Кылым шамы” бейөкмөт уюму, “ГАНДИ”, “Дүйнө өзгөртүүчү адамдар” тилектештиги жана башка бир катар уюмдардан турган жарандык коом өкүлдөрү тараткан билдирүүдө акыркы убактарда Кыргызстанда адам укугун тебелөө арбып бара жаткандыгы айтылган.
Билдирүү ээлери КР президенти Курманбек Бакиевге да камакта жаткан укук коргоочулардын жана бейкүнөө айыпталып жаткандардын эркиндикке чыгуусуна жана саясий оппоненттердин үстүнөн козголгон кылмыш иштерин кыскартууга жардам берүүсүн өтүнүп, кайрылуу жолдошкон.
Бул иш-чара адам укугун жана эркиндигин чектөө күчөп бараткандыгына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG