Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:03

9:50 Өзүн өзү өрттөп өлгөн Сабыржан Сабировдун уулунун иши боюнча сот бүгүн чечим чыгарышы күтүлүүдө


Бишкек шаар соту бул ишти кароону саат 10:00дө баштайт. Өзүн өзү өрттөп өлгөн Сабыржан Сабировдун уулу Абубакры Сабировго «Адам өмүрүнө кол салды» деген айып тагылып, эки жыл мурун соттун чечими менен шарттуу түрдө 6 жылга эркинен ажыратылган. Тергөөнүн жүрүшү жана соттун чечими акыйкат болгон жок деп, өткөн жылы 27-февралда айыпталуучунун атасы Сабыржан Сабиров парламенттин алдында өзүн-өзү өрттөп жиберген . Эки күн өтпөй, 1-мартта С. Сабиров көз жумган.

Учурда Абубакры Сабировдун укугун “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдрасулова коргоп жатат. (MSu)

XS
SM
MD
LG